Бүгүн, 19-июлда Сокулукта №169 кичи автобус менен оор жүк ташуучу унаанын катышуусундагы үрөй учурган жол кырсык катталды. Анын кесепетинен 24 адам жаракат алып, анын бирөөсү каза болгон. Учурда 4 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Бишкек мэриясы кырсыкта 34 жаштагы аял каза болгонун билдирди. «11 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Учурда 12 адам дарыланып жатат. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан 4 адамдын үчөөсүнүн абалы өтө оор. Эртең менен айдоочу медициналык көзөмөлдөн өткөн. Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусун укук коргоо органдары алып кетти. Иш Чүй ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө»,— дешти.