УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-июнда Талас райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жеке турак-жай куруу бөлүмүнүн башчысы Т.А.А., “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Талас райондук бөлүмүнүн жерге жайгаштыруучусу Ж.А.М. жана Талас районунун Нуржанов айыл аймагынын жер адиси И.К.К. кармалып, Талас ОИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөөнүн жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар материалдык пайда алуу максатында айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берип, менчикке өткөрүп жиберишкени аныкталган. Адистердин айтымында, бул аймактагы 0,15 гектар жердин баасы 1 миллион 300 миң сомго бааланат. Учурда тергөө тарабынан келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...
16-апрелде УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн...
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....