Таласта милиция кызматкерине пара берген жарандар кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
Талас ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен кылмыш иши козголгон.
6-июнь күнү баңгизатына байланыштуу фактыны жеңилдетүү үчүн Бакай-Ата районунун тургундары баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Талас облусу боюнча ыкчам өкүлүнө пара катары 20 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен кармалган.
Жогорудагы жарандар кылмыш ишинин алкагында Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына Талас шаарынын сотунун чечими менен киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.