Токмок шаарында “Токмок суу канал” мамлекеттик мекемесинин балансында турган мамлекеттик мүлктү (чоң көлөмдөгү суу түтүктөрү) уурдоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Тактап айтканда, “Токмок суу каналдын” директорунун орун басары А.А.A. баш болуп аталган мекеменин директоруна билгизбей ири суу түтүктөрүн сатуу боюнча коррупциялык схема уюштурулган. Ошол эле учурда 26-июнда козголгон кылмыш ишинин алкагында “Токмок суу каналдын” директору О.С.К.га пара берип жана муниципалдык менчикти сатууну жашыруу максатында 60 миң сом пара берип жаткан жеринен анын орун басары А.А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары, А.А.А.нын унаасынан суу түтүктөрүн сатуудан түшкөн дагы 135 миң сом акча каражаты табылган.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызмат адамдарынын акча каражаттарын талап кылуу жана...
16-апрелде УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн...
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....