SerepTV Logo

Токмокто үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран эки айга камакка алынды

Токмокто үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран эки айга камакка алынды
 
3-августта Токмок шаарынын тургуну ички иштер органдарына кайрылып, жарандык жолдошу акыркы үч жылдан бери өзүнө жана жашы жете элек эки баласына карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген.

Бул факты боюнча Токмок ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Ч.Ч. кармалып, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Токмок ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Соттун чечими менен шектүү Ч.Ч.га карата эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.
SEREP MEDIA