Токтогулда жүрөк үшүн алган жол кырсык катталганын окуянын күбөлөрү билдирген. Алдын ала маалыматтар боюнча, катуу ылдамдыкта келе жаткан Mercedes бакты сүзгөн. Жол кырсык боюнча Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымат беришти.
2-октябрь күнү саат 06:40 чамасында Токтогул шаарынын Кайрак тилкесинде 2005-жылы туулган жаран Мерседес-Бенц 210 унаасы менен Токтогул шаарынын Суеркулов көчөсү аркылуу түштүктү карай бара жатып, белгисиз себептерден улам унаасын башкара албай калып, бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Жүргүнчү катары бара жаткан 2005-жылы туулган жаран жана 25-30 жаштар чамасындагы кыз оор абалда ооруканага жеткирилди.