Буга чейин Ош облусунун эмгек-түзөтүү мекемеси тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 349- (эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу) беренеси боюнча Ош облусунун Өзгөн районунун тургунуна издөө жарыяланган. Жакында Коомдук жайлардагы бетти таануу системасы менен орнотулган сырткы видеобайкоо камералары анын издөөдө экенин аныктап чыгып, Бишкек шаарынын аймагынан милиция кызматкерлери жаранды кармап, андан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү максатында тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришти.
Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...












