Азербайжандын жараны жасалма акча сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-июлда 3 миң 800 доллар өлчөмүндөгү чет элдик валютадагы жасалма акчаны сатуу учурунда Азербайжандын жараны кармалган.
Убактылуу жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда 17 миң 400 доллар өлчөмүндөгү жасалма акча каражаты табылган. Азыркы учурда шектүү УКМКнын тергөө камак жайында.