Бишкекте 7-июль күнү Курман айт майрамына даярдык көрүү учурунда теракттын алдын алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сириядан жасалма паспорт менен келген эл аралык террордук уюмга тиешеси бар эки чет элдик жаран, Бишкектен Кыргызстандын бир нече жараны (шериктери) кармалган. Бул адамдардын Сириядагы согуштук зонада диверсиялык жана террористтик машыгуудан өткөндүгү боюнча далилдер алынган. Кармалгандардын бири колго жасалган жардыргыч затты жасоо боюнча адис.
Алардын Кыргызстандагы милдеттеринин бири 9-июлдагы Айт намазында бомба жардыруу болгону аныкталды. Бул үчүн алар борбордук аянтка жакын батирди ижарага алышкан. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, козголгон. Кармалгандар УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.