УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн аймагында жайгашкан көмүр-кен иштетүү жеке компанияларынын мыйзамсыз иштери аныкталды.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүргүзүү учурунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экология жана техникалык көзөмөл кызматынын жана «Кадастр» МИ кызматкерлеринин көмөк иш-чараларынын негизинде, жеке компаниялардын мыйзамсыз иштери аныкталды. Тийиштүү адистердин тыянагынын негизинде тоо-кен иштетүү жеке компаниялар эч кандай иш-кагаз жана каттоо уруксаты жок ишмердүүлүгүн лицензиондук аймагынан сырткары жүргүзүп келишкен, ошонун кесепетинен мамлекетке 4 477 723 сом зыян келтирилген. Ошону менен бирге, жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жеке компаниялар тарабынан өз ыктыяры менен 2 205 715 сом мамлекеттин эсебине кайтарылып, башка тоо-кен тармагындагы мыйзам бузууларга бөгөт коюлду.
Азыркы учурда келтирилген зыяндын калган бөлүгүн толугу менен кайтаруу максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.
Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан айрым милиция кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерине каршылык көрсөтүп, анын денесине залакат...
Буга чейин Башкы прокуратура маалымат таратып, Бишкекте апасынан тартып алынган 4 айлык наристе чарчап калганын билдирген. "8-апрелде С.Н. өзүнүн багып алган төрт...