Токмок шаардык салык кызматынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Салык кызматынын Токмок шаары боюнча мурдагы башчысы, киреше боюнча бөлүм башчысы, салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы жана жеке ишкер кармалды.
Такталгандай, Салык кызматынын Токмок шаары боюнча кызматкерлери жеке ишкерге тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында бир бүтүмгө келип алышып, мамлекеттик органдарга берилген отчеттук маалыматтарды атайылап бурмалашкан, ошондой эле республикалык бюджетке 8 миллион 500 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда чындыгында аталган бул сумма мындан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө көбөйүшү мүмкүн. 3-мартта алар кармалып, соттун чечими менен 1 айга камакка алынды.