Чүйдө мал уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлеринин ыкчам иштеринин натыйжасында мурда соттолгон адамдардан турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Шектүүлөрдүн Чүй облусунун аймагында мал уурулук менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Шектүү жарандар жөнүндө маалымат топтолуп, кылмыштуулукка бөгөт коюу боюнча чаралар көрүлдү.
Кармоо операциясы ушул жылдын июнь айынын аягында жүргүзүлгөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө түнкүсүн Чүй облусунун Беловодское айылына жакын жерде шектүүлөр бара жаткан Merсedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус токтотулган.
Текшерүү учурунда унаанын арткы бөлүгүнөн бээ кулуну менен табылган. Төмөндөгүлөр кылмышка шектүү катары кармалган:
— 1995-жылы туулган жаран Ж.Ш., Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну;
— 1986-жылы туулган жаран М.А., Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну.
Алынган маалыматтар боюнча, жылкыларды Москва районунун аймагынан уурдап келе жатышкан. Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун 24-июнда Жаңы-Жер айылында малын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Маалым болгондой, уурулар бир бээни кулуну менен уурдап кетишкен. Жабырлануучуга 125 миң сомдон ашык чыгым келтирилген.
Шектүү катары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну, 1995-жылы туулган жаран кармалган. Учурда жогорудагы фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.