Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 3 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык Ысык-Көл облусунун Түп районунда 12-апрель күнү түнкү саат 23:14төр чамасында болгон. Анда Тойота Камри жана Ауди С4 үлгүсүндөгү 2 унаа кагышкан. Натыйжада 19 жаштагы эки жигит жана 20 жаштагы бир жигит каза болуп, 21 жаштагы 3 жаран жабыркаган.
Тартылган куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркагандар Түп райондук ооруканасына Тез жардам аркылуу жеткирилген. Куткаруу иштерине Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылган.









