Ысык-Көлдө 7 жашар бала көлгө чөгүп, көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ӨКМден тастыкташты.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 5-июлда саат 11:00 чамасында катталган. Куткаруучулар жерине жеткенге чейин жансыз денени туугандары чыгарып кетишкен.
Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, бала Ак-Суу районунун, Кереге-Таш айылынын тургуну.