Кечээ, 21-августта саат 9:48де Ак-Суу районунун Алтын-Арашан коктусунда өрт чыккан. Саат 14:30да өрт чектөөгө алынып, токойчулардан турган атайы топ көзөмөлдөө максатында түнү менен нөөмөттө турган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн эртең мененки саат 8:30да токойдон чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрт өчүрүү иштери тоо этегинде жүргөндүгүнө байланыштуу кол каражаттары колдонулду. Жалпысынан ӨКМдин №39 ӨКБдан 12 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 24 киши, токой чарбасынан 27 токойчу тартылды.