Вирусту жеңүү үчүн белгилери боюнча дарыланууну баштоо керек. Мурун бүтсө, азыраак туздун аралашмасын даярдап, мурунду жууш керек. Тамак үчүн сода аралашмасын, чөптөрдүн кайнатмаларын (календула, ромашка) колдонууга же алардын аралашмасын жасап чайкоого болот (1 аш кашык чөпкө 1 стакан кайнак суу куюп, демдеп, 5-10 мүнөттөн кийин чыпкалап, жылуу аралашма менен күнүнө 3-4 жолу тамакты чайкап туруу). Ошондой эле фурацилинди (майдаланган же 1-2 таблетка) 200 миллилитр кайнатып муздатылган сууга эритип колдонууга болот. Тамактын кургак болушу жана кычышуусу жутуу учурунда катуу оорутушу мүмкүн, ошондуктан ооруну басаңдатуучу таблеткаларды же спрейлерди колдонууга болот. Омикрондо муундар катуу ооруйт. Интоксикация узакка созулат, кээде бул антибиотиктерди ичүүгө байланыштуу. Эгерде дене табы 3-4 күн бою түшпөсө жана кармалып турса, абал начарласа, дароо дарыгерге кайрылып, туура дарылоону баштоого чакырам.
Кышында диета кармаса болобу? Адистер кеңеш беришти
Кышында тамактанууда организмге керектүү бардык компоненттерди камтышы керек. Андыктан диета кармабоо сунушталат дешет Роспотребнадзордун адистери. Адистер D витамининин запастарын толуктоо...