Садыр Жапаровдун жолугушуусунда миллион сом суралды деген кеп кайдан чыкты?
Буга чейин президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасында сүрөт жарыялап, прездент болууга ниетин билдирген саясатчылар менен жолугушканын билдирген. Жолугушууга 8 адам барганын, Сыймык Жапыкеев менен Бактыбек Калмаматовдун барбаганы маалым болгон. Президент анын негизги максаты алардын ой-пикирлерин угуу, шайлоого даярдык көрүүдө кандай кыйынчылыктар болуп жатканын, “административдик ресурс жана жасалма тоскоолдуктар колдонулуп жаткан жокпу” деп түздөн-түз баарлашуу болгонун билдирди. Мындан улам SEREPTV телеканалы айрым президенттикке талапкерлер менен байланышып, сүйлөшүүдө эмнелер айтылганын, Жапыкеев менен Калмаматовдун жолугушууга эмне себептен барбагынын сурап көрдүк. Толугу менен видеодон көрүнүз.