19-20-октябрда Бишкекте ТүркПАнын жыйындары өтөт
2026-жылдын 19-20-октябрында Бишкек шаарында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындары өтөт. Иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстанга Түркиянын, Казакстандын жана Азербайжандын парламент жетекчилери баштаган депутаттар, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн делегациялары келишет.
19-октябрда ТүркПАнын Аял парламентарийлер форуму жана Жаш парламентарийлер форуму өз ишин баштайт. Ал эми 20-октябрда ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилеринин кеңеши жана XV пленардык отурум өтөт.
ТүркПАнын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.