«90 депутаттын 13ү кетти». Чыңгыз Айдарбеков комиссия түзүү керектигин айтты

«90 депутаттан 13 депутат кетти. Бул жөн маселе эмес». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

«13 депутат кетти. Комиссия түзбөйлүбү? Бул жөн маселе эмес. 90 депутаттан 13 депутат кетти. Биз дайыма айтып жатабыз, бул мыйзамдуу эмес. Биздин укуктарыбызды тебелеп-тепсеп… Мындай болбош керек. Эл шайлаган өкүлдөр. Элдин үнү ушул жакта айтылат. Реакция жасашыңыз керек төрага катары. Биз унчукпай отурабызбы? Мен сунуш киргизип жатам», — деди ал.