Шейшемби, 28.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Аптага сереп: Садыр Жапаровдун башкы оппоненти кымбатчылык болобу?

Бүгүн күнгө жекшемби, 21-март. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 5 жарым ай, Садыр Жапаровдун президент болуп шайланганына 2 жарым ай болду. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана ошол эле күнгө дайындалган жаңы Конституция боюнча референдумга 3 апта калды. “Аптага серептин” бул чыгарылышында чек ара боюнча такташуу маселелери, жаңы Баш мыйзамды сынга алган жарандык активисттердин кармалуусу тууралуу саресеп салууну туура көрдүк.

22:06 21.03.2021
0
Аптага сереп: Садыр Жапаровдун башкы оппоненти кымбатчылык болобу?

Бул апта ичи Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, анын төрагасы Камчыбек Ташиев үчүн окуяларга жыш өттү. Ал жуманын башында Баткен облусуна сапар алып, Самаркандек айылынын тургундары менен жолугушуп, андан ары Тажикстанга сүйлөшүүлөргө барды. УКМКнын төрагасы коңшу өлкөнүн Гүлистан жана Кожент шаарында кыргыз-тажик чек арасынын эң көйгөлүү тилкелерин такташуу боюнча жолугушууларга катышты. Эки өлкөнүн чек арасынын жарымынан бир аз көбүрөөк бөлүгү такталганы маалым. Ошондой эле, пандемиядан бери жабык турган өткөрмө пункттарды ачуу сүйлөшүлмөк. Тажикстандан ары Камчыбек Ташиев кийинки аптада Өзбекстанга барат.

Аталган коңшу өлкө менен Кыргызстандын чек арасынын 85 пайызы такталып бүткөнү жарыяланган. Президент Садыр Жапаровдун Ташкентке жасаган мамлекеттик сапарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев экөө жакынкы 3 айдын ичинде чек ара маселелерин толук чечип бүтөбүз деп жарыялашкан. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар Мирзийоевдин пресс-жыйынына таянуу менен жазып чыгышкан. Кийин Сох анклавы жана Үңкүр-Тоого байланыштуу чуу чыгып кетип, таратылган маалыматка өзгөртүү киргизилип, мамлекет башчысы анклавга коридор берилет экен деген кептерди төгүнгө чыгарды. «Биз Сохко авиакаттамды ачып беребиз дедик. Андан тышкары өткөрмө бекеттерин гана ачабыз. Интернетте оппозиционерлер, ою бузук адамдар «Сохко коридор берет экен, жол ачат экен, сууну берет экен» деген туура эмес маалыматтарды таратып жиберишти. Бул калп маалымат. Ал эми Үңкүр-Тоо боюнча Шавкат Мирзийоев «Биз талашпайбыз, силерге таандык боло берсин» деди», — деп “Азаттык” радиосуна берген маегинде президент Садыр Жапаров билдирди.

Жогорудагы окуянын ызы-чууга айланып кетүүсү бийлик башында турган Садыр Жапаровго карата нааразычылык жаралуусун шарттады. Албетте мындай көрүнүштөн анын оппоненттери пайда көрөрү анык. Бирок ушундай ызы-чууларга от жагып күчөтүп, пайда көргүсү келгендер кимдер? Адатта көпчүлүк масса бул тууралуу ойлонуп, анализдеп, баш оорута бербейт. Бул топ Садыр Жапаровдун жаза басып, жаңылышына шарт түзүп, көпчүлүктүн арасында рейтингин акырындап түшүрүп туруп өздөрү пайдаланып кеткиси келип жаткан жокпу? Бул окуянын өнүгүп-өсүүсүнөн бир адамдын зыян тартуусу көбүрөөк мүмкүн. Ал адам – президент. Акыркы күндөрдөгү окуялар президентке карата чабуул башталганын көрсөтүп жатат. Акты карага, чындыкты калпка, жеңишти утулууга айлантып жиберүү маалыматтык согуш жүргүзүүдөгү ыкмалардын бири экени баарына маалым. Адатта чабуул ички жана тышкы күчтөрдөн жасалат. Ошондой эле эки тарапты кайраштырып-чабыштырып коюп, четте караанын көрсөтпөй, демин ичине катып отурган башка күч да болот. Ириде ошолор көп учурда жеңип чыгат эмеспи…

***
Бүгүн президент Садыр Жапаров Ноорузга карата куттуктоосунда быйылкы жаз – өлкө үчүн өзгөчө жаз болорун билдирди. “Элибиз өтө маанилүү жана жооптуу учурдун —  буга чейинки жетишкендиктерибизди бекемдеп, реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн дагы бир маанилүү кадамды жасоонун, жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумду өткөрүүнүн алдында турат”, — дейт өлкө башчысы. Буга чейин “Азаттык” радиосуна берген маегинде жаңы Баш мыйзам боюнча жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болорун айткан. “Долбоорду кеңешме даярдап, Жогорку Кеңешке алып келип берди. Парламент өзгөртүүсүз эле референдум мыйзамы менен алып чыкты. Биринчи жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде, анан Жогорку Кеңеште, кийин, албетте, элдин өзүндө болот”, — деди президент. Ошондой эле, өлкө башчысы мындан ары саясатчыларга жана журналисттерге карата саясий куугунтук болбой турганын да билдирди.

Президенттин сөзүнүн сыясы кургай электе Ак Үйдүн жанында жаңы Баш мыйзамга каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылып өткөрүлгөн митингдин башында тургандардын бири, жарандык активист Тилекмат Кудайбергенов кармалып, анын үйүндө тинтүү жүрдү. Кийинчерээк Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан анын социалдык тармактагы баракчасында бийликти күч менен басып алууга жана массалык башаламандыкка чакырык жасаган билдирүүлөр жазылганы маалымдалды. Жогорудагы окуяга удаа эле саясатчы Жеңиш Молдокматов баштаган “Ханституцияга каршы” борборунун кеңсесинде тинтүү орун алды. Ошондой эле аталган борбордун ишине байланыштуу жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу сурак берип чыкты. Жарандык активисттерди кармоо, тинтүү жүргүзүү жана башка ушул сыяктуу көрүнүштөрдүн орун алып жатышын сындап “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата Мекен” партиясы жана экс-депутат Феликс Кулов билдирүү таратты. Кечээ Венеция комиссиясы конституциялык реформа боюнча бүтүмүн жарыялап, анда жаңы Баш мыйзам бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна коркунуч келтирет деп эскертүү берди. Корутундуда ошондой эле 11-апрелде элдин добушуна коюла турган Баш мыйзамдын долбоорун кабыл алуу олуттуу кемчиликтер менен коштолгону да белгиленген. Буга чейин ушул эле Венеция комиссиясы Кыргызстандагы конституциялык реформа боюнча “Баш мыйзамдын жаңы долбооруна чейин жаңы парламент шайланып келсе жакшы болмок” деген корутундусун жарыялаган эле. Жаңы Баш мыйзамды жаңы Жогорку Кеңеш  даярдаса, көбүрөөк легитимдүү боло турганын белгилеген. Анткен менен бул процесс өлкөдө артка кайтууга мүмкүн эмес механизмге түшүп калды. “Садыр Жапаровдун Конституциясы” деп атыга турган өлкөнүн жаңы башкы документин кандай тагдыр күтүп турат? Аны ушул жылдын президент айткандай “өзгөчө жазы” аныктайт…

***
Өкмөт өлкөдөгү азык-түлүктүн кымбаттоосу боюнча эми гана реалдуу чечимдерге киришти. Бул апта ичинде премьер-министр Улукбек Мариповдун кол коюусу менен өсүмдүк майы, кумшекер жана жер семирткичти экспорттоого тыюу салынды. Адегенде кымбаттоону доллардын курсунун сомго карата дээрлик 15 сомго жогорулап кетүүсү менен түшүндүрүп жатышкан. Бирок соңку айларда доллардын курсу салыштырмалуу туруктуу сакталганына карабай айрым товарлардын баасы асмандап жатышы токтобой келүүдө. Жалпы жонунан алганда, азык-түлүктүн, атап айтканда өсүмдүк майы, кумшекер жана жумуртканын кескин кымбаттоосу өткөн жылдын сентябрь айында башталган. Эттин баасы жай айларында эле көтөрүлгөн. Бул аралыкта соңку учурда күйүүчү май күндөн күнгө кымбаттоодо. Бир жылдан бери пандемиянын кесепетин ар бир жаран өз жон териси менен сезип жатат. Бирок тамак-аштын баасынын жогорулай берүүсү жана аны өкмөт жөнгө сала албоосу биринчи кезекте жакыр жашаган калктын катмарына оор сокку болот. Элдин өткөн жылдын октябрь айында түп көтөрүлүүсү бир чети коронавируска байланыштуу жаралган кырдаалда бийликтин элди көйгөйү менен кошо таштап салганынан улам болгон. Учурдагы кымбатчылык жана андан жаралган каатчылык жаңы бийлик үчүн чоң сыноого айланат. Ал бул маселени мүмкүн болушунча бат чечүүдөн көз каранды болот. Сыягы, Садыр Жапаровдун башкы оппоненти – өлкөнү каптаган кымбатчылык болот өңдүү…

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
SuperTV

SuperTV

Окшош

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:14 27.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....

Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:26 27.04.2026
0

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 24.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:35 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

1
Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

15:07 28.04.2026
Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

10:15 28.04.2026
Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

09:45 28.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү