Бүгүн, 19-апрелде Астана шаарында президент Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
“Акорда” президенттик сарайында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинген, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн. Мамлекет башчылары бири-бири менен учурашкандан кийин өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырып, Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан ары өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүштү. Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө башчылары чакан форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.
Кыргызстанда жүзүн толук жапкан кийим кийүүгө тыюу салуу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши тарабынан чечим кабыл алынган. “Кабар” агенттигине бул...
Президент Садыр Жапаров Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Мамлекет башчысы өкмөттүн төрагасынын орун басарынын сапары жемиштүү...
Жогорку Кеңештин жыйынында Азамат Жамангуловду Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, жактырылды. Азамат Жамангуловду...
Социалдык тармактарда Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева кызматынан бошотулганы тууралуу тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА...