Ал 1958-жылы 2-июнда Талас облусунда туулган. Эмгек жолун «Фрунзе энергострой» мамлекеттик мекемесинде жыгач устадан баштап, сантехник-слесарь болуп иштеген. 1982-1990-жылдары Свердлов районунун өндүрүштүк, турак жай-эксплуатациялык трестинин инженер-техникалык башкаруучусу. Кийинчерээк Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин өндүрүш жана турак жай башкармасынын начальниги, турак-жай коммуналдык чарба департаментинин директору болуп эмгектенген. 2002-2005-жылдары вице-мэр болуп иштеген. 2008-2010-жылдары — өкмөткө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары. Ошондой эле ишкердик менен алектенет. 1990-2004-жылдары үч жолу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды
Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен...








