Шаршемби, 24.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Ме деп кармата койбойбуз». Жапаров «Манас» менен «Ош» аэропорту тышкы башкарууга өтүп жатканын тастыктады

11:53 04.07.2022
0
«Ме деп кармата койбойбуз». Жапаров «Манас» менен «Ош» аэропорту тышкы башкарууга өтүп жатканын тастыктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде «Манас» менен «Ош» аэропорту тышкы башкарууга өтүп жатканын тастыктады.

«Биз деле эсептегенди билебиз. Мисалы, бүгүнкү күндө аэропортубузга күнүнө 16 учак конуп-учуп жаткан болсо, эки жылдан кийин 160 учак конуп-уча баштайт. Эң акыркы үлгүдөгү жаңы учуп-конуу тилкеси салынат. Туманга карабастан, учактар конуп-уча беришет. Жүк ташуучу терминал курулат. Жылына жүз миң тоннадан ашык жүктөр биздин аэропорттор аркылуу өтүп турат.

Бүгүн биз 100 пайыз өзүбүздүн үлүшүбүз менен жылына 4 миллиард сом пайда көрүп жатсак, эки жылдан кийин 50 пайыз үлүшүбүз менен эле 8 миллиард сом пайда көрө баштайбыз. Анткени эки аэропортубуз тең: “Манас” менен “Ош” хаб болуп иштей баштайт. Эмне үчүн эки жылдан кийин десеңер, биз “эки жылда бүтүрүп, ишке киргизесиңер” деген талапты инвесторлордун алдына коюп жатабыз. “Эгер эки жылда бүтпөсөңөр, анда келишимди жокко чыгарып, андан ары өзүбүз улап кетебиз. Салган акчаңар күйүп кетет, кайтарбайбыз” деген келишим түзөлү деп жатабыз. Инвесторлор макулбуз деген пикирлерин билдирип жатышат. Бирок ортобузда келишимдин мөөнөтүн канча жылга чейин түзөбүз деген талаш-тартыш турат. Биз 29 жыл десек, алар “39 жылга түзөлү, 29 жылда биз салган инвестициябызды актай албай калабыз” деп жатышат. Эгер бул мөөнөттө, алар айткандай, чын эле пайда таба албай калышса, анда мөөнөтүн дагы кичине узартканга макул болобуз.

Ал эми “азыркы таап жаткан кирешебиз менен өзүбүз деле салып койсок болот” дегендер менен мен деле макулмун. Өзүбүз салып койсок деле болот, ага 10-15 жыл убакыт кетет. Бирок азыркыдай — күнүнө бир учак конуп жаткандай 10-15 жылдан кийин деле ушундай эле болот. Анткени биз логистиканы өнүктүрө албайбыз. Бул инвесторлор 50 жылдан бери дүйнө жүзүнө аэропортторду салып, логистикасын өнүктүрүп келген инвесторлор. “Манас”, “Ош” эропорттору бүтөрү менен кошумча каттамдарды ачып, иштетип кетебиз деп жатабыз.

Анан эң негизгиси биз “ме” деп эле аэропортторду кармата салып жаткан жокпуз. Түшкөн пайданы 50/50 менен бөлүшөбүз деген келишим түзөлү деп жатабыз. Башкарууну да чогуу кылабыз. Эмне алар аэропортторду көтөрүп кетмек беле. Биздин көзөмөлдө болот. Өмүр бою бизде калат. Дүйнө жүзүндө эң чоң аэропорттор ушундай жолдор менен курулган. Азыр да ушундай үлүштөр менен иштеп келе жаткан өнүккөн аэропорттор бар. 

Учурда сүйлөшүүлөр гана жүрүп жатат. Эгер биз койгон шарттарга макул болсо гана келишим түзөбүз», — деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:22 21.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-декабрда, Россия Федерациясына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна...

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:39 20.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Токио шаарында өлкөнүн премьери Санаэ Такаити менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Саясий,...

Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болду

Автор Эдита Ильясова
14:55 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында беш депутаттык топ түзүлүп, Жогорку Кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү менен шайланды. Нурланбек Тургунбек уулунун...

Жогорку Кеңешке Садыр Жапаров келди

Жогорку Кеңешке Садыр Жапаров келди

Автор Эдита Ильясова
10:06 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген 87 депутатынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жыйынга президент Садыр Жапаров келди. Жыйынды депутат...

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант беришет

Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант беришет

Автор Эдита Ильясова
09:46 17.12.2025
0

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттарынын ант берүүсү күтүлүп жатат. Жергиликтүү ЖМКлар депутаттар 5 депутаттык топко бөлүнгөнүн жазышты....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Социалдык фонд: «2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз»

Социалдык фонд: "2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз"

12:13 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025
1-апрелден тарта кимдердин айлык акысы канчага жогорулайт?

1-апрелден тарта кимдердин айлык акысы канчага жогорулайт?

11:44 23.12.2025
Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

00:48 24.12.2025
24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:48 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү