БШК №21 шайлоо округу боюнча Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелдеги жыйынында Жээнчороев Мирлан Канатбековичке № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.
Ммирлан Жээнчороев № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.