Бүгүн, 2-июлда БШК төрагалык кызмат ордуна шайлоо өткөрдү. Нуржан Шайлдабекова БШКнын төрайымы болуп кайра шайланды. Ал президенттин квотасы менен келген.
30-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 12 мүчөсүн жактырган. Алардын жарымы президент тарабынан, жарымы парламенттеги фракциялар тарабынан сунушталган.
Фракциялардын талапкерлери:
1. Узарбек Жылкыбаев (КСДП);
2. Акылбек Эшимов («Кыргызстан»);
3. Кайрат Маматов («Республика — Ата Журт»);
4. Тынчтык Шайназаров («Өнүгүү-Прогресс»);
5. Абдыжапар Бекматов («Бир Бол»);
6. Искендер Гайпкулов («Ата Мекен»).
Президент сунуштаган талапкерлер:
7. Нуржан Шайлдабекова;
8. Марс Наспеков;
9. Анар Дубанбаева;
10. Нурлан Койчукеев;
11. Акбалык Жумалиева;
12. Айдана Жупуева.