Чыңгыз Эсенгул уулу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, бүгүн, 27-октябрда президенттик аппараттын жетекчиси Алмаз Исанов жамаатка Чыңгыз Эсенгул уулун тааныштырган.
Чыңгыз Эсенгул уулу 2015-жылы премьер-министрдин маалымат катчысы, 2017-2020-жылдары өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүн жетектеген.