Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов трибунада сөз сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча позициясын билдирди. Ал 7 күндөн бери эч нерсе деп унчукпай келгенин, документтерди карап чыкканын айтты.
«Биздин эгемендүүлүгүбүз боюнча сөз болуп жатат. Лейлек, Сүлүктү анклав болуп калган абалга келип калышыбыз мүмкүн» деген ал эркин сөз сүйлөп, шашпай айтып берүүсүнө уруксат берүүсүн суранды.
Айжигитовдон кийин бир нече депутат сөз сүйлөп, чек ара маселеси чечилип жатканы жакшы экенин айтып, жакында Кыргызстан жөнөкөй тил менен айтканда, Кызыл китепке ээ болорун белгилешти.
Өткөн жумада Султанбай Айжигитов сөз сүйлөп, чек ара маселеси кандай чечилерин убакыт көрсөтөрүн айтып, «Эң негизгиси чек ара такталып, элдин азабына чекит коюлат. Кандай кемчиликтер, кандай артыкчылыктар бар экенин убакыт көрсөтөт. Эң негизгиси бул маселе чечилди» деген эле.