Депутат: «Эдил Байсаловго катуу чара көрүлсүн, кызматынан кетип, калгандарга сабак болсун»

Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун дарегине айтылган сын боюнча кесиптештерин колдоду.

«Мен да кесиптештериме кошулуп кетет элем. Бизде сын-пикир айткан, жалган жалаа жапкан, негатив жазган, ошол эле учурда Эдил Байсаловго окшоп мамлекеттик кызматта иштегендер негатив айтып, салтка айланууда. Катуу чара көрүлсүн, мүмкүн болсо, кызматынан кетип, калгандарга сабак болсун», — деди ал.

Буга чейин да бир нече депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын парламентке обу жок сөздөрдү айтканга укугу жок экенин айтып чыгышкан.