Депутат Дастан Бекешев Аскер прокуратурасына сурак берип чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Аскер прокуратурасына «Кумтөр» боюнча сурак берип чыкты. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү билдирди.

«Кумтөр» боюнча суроолору бар экен. Сурак берип чыктым. Мөңгүлөрдү бузууга убагында каршы добуш бергем. Ошол добуш берүү тууралуу да суроолор узатылды», — деди ал.

Эл өкүлү 4-августта да Аскер прокуратурасына сурак берип чыккан. Ал сурак Суу кодексинин кабыл алынышы боюнча жүргөнүн айткан эле.