Abank_nov
SerepTV Logo

Депутат Махабат Мавлянова «Айыл чарбасында аялдарды колдоо» мамлекеттик программасын иштеп чыгууну сунуштады

Депутат Махабат Мавлянова «Айыл чарбасында аялдарды колдоо» мамлекеттик программасын иштеп чыгууну сунуштады
 
Бүгүн, 25-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова 2027-2030-жылдарга карата «Айыл чарбасында аялдарды колдоо» мамлекеттик программасын иштеп чыгууну сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, айымдар үчүн жерге жана каржылык ресурстарга жетүүдө бир катар тоскоолдуктар жаралууда. Маселен, жер тилкелеринин 18,5 пайызы, ал эми кыймылсыз мүлктүн 29 пайызы гана аялдардын атына катталган. Бул жагдай аялдардын насыя алуусуна жана ишкердигин кеңейтүүсүнө кыйынчылык жаратып келет. Мындан улам депутат Махабат Мавлянова аял дыйкандарды колдоо максатында мамлекеттик агрардык насыялардын кеминде 30 пайызын аялдарга бөлүүнү, жылдык 2-3 пайыздык үстөк менен 5-7 жылдык мөөнөткө насыяларды берүүнү жана негизги карызды төлөөдө 12-24 айлык жеңилдетилген мөөнөт караштырууну сунуштады.

«Күрөөсү жетишсиз аял фермерлерге «Кепилдик фонду» аркылуу кепилдик берүү механизмин кеңейтүү, күнөскана куруу, жабдууларды сатып алуу жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү долбоорлоруна артыкчылык берүү зарыл. Айымдар үчүн мамлекеттик жерлерди ижарага алуу шарттарын жөнөкөйлөтүү жана жер-мүлк укуктарын каттоо боюнча акысыз юридикалык жардам көрсөтүү керек», - деди эл өкүлү.

Мындан тышкары айым дыйкандардын финансылык сабаттуулугун жана ишкердик жөндөмүн жогорулатуу үчүн заманбап агротехнологиялар, органикалык дыйканчылык, маркетинг, экспорт жана электрондук соода боюнча практикалык окутууларды уюштуруу зарылдыгы белгиленди. «2027-жылы айыл чарбасын жеңилдетилген каржылоого пландалган 20 млрд сомдун ичинен 1 млрд сомду аял дыйкандарды колдоого бөлүү зарыл», - деди депутат Махабат Мавлянова.
SEREP MEDIA