Депутат Балбак Түлөбаев Балыкчы-Барскоон унаа жолунун курулушу эки ишканага бөлүнүп, иш токтоп, жолчулар айлык албай жатканын билдирди. Милдеттенмелерин аткара албаган ишканаларга катуу чара көрүлүүгө тийиш деп эсептейт.
«Туристтик сезон башталганы турат. Эл жолду жабабыз деп жатат. Какшап айтсак, убагында чечкен жоксуңар», — деди депутат.