Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы, учурда ушул эле макеменин тергөө абагында отурган Абдил Сегизбаев жубайы Айнура Сегизбаеванын жеке баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
Ал катында Сегизбаев абакта отурганына 40 күн толгонун белгилеп, бул аралыкта бир да жолу суралбаганын, өзүнүн катышуусу менен эч кандай тергөө иши жүрбөгөнүн билдирген: “Жубайым, балдарым менен жолугууга уруксат жок. Маалымат каражаттарында Башкы прокуратура мага карата 6 кылмыш иши даярдалып жатканын маалымдоодо”.
Анын айтымында “Белизгейт”, Кой-Таштагы жер, жайыт сатып алуусу, УКМКнын кызматкерлерине берилген батирлер, курал менен сыйлоо жана башка баары болуп 6 иштин бири менен да аны айыптоого мүмкүн эмес, ошентип ага жалган жалаа жабылып жатат. Сегизбаев “Белизгейт” боюнча жана Максим Бакиев өлкөдөн чыгарып кеткен акчаларды кайтаруу боюнча УКМК көп иштерди жасаганын белгилеген.
Мындан тышкары ал өзүнүн бөгөт чарасын кароо боюнча соттук териштирүүгө да катышуу укугунан ажыраганын, жок дегенде видео байланыш аркылуу катышуу өтүнүчү да сот тарабынан жокко чыгарылганын билдирди. Ошентип Сегизбаев тергөөгө да, сотко да ишенбестигин билдирип, чындыкты элге айтып турарын кошумчалаган. «Мен сыноо берип жаткан тагдырыма ыраазымын. Бул сыноону татыктуу жеңгенге аракет кылам. Буга чейинки кылган иштеримде катачылык болгон эмес. Элдин алдында жүзүм жарык. Бийликтегилер жарандын эркиндигин чектесе да, тартып ала албайт. Мен өзүм абакта болгонум менен ойлорум эркиндикте», — деп жазган.
Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевдин үстүнөн жалпысынан 6 иш тергелип жатканын, ал иштер “Белизгейт” окуясына, кызматтык батирлерди бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө байланыштуу экенин кабарлаган. Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) негизинде кармалганы айтылып, 25-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Кийин ал УКМКнын тергөө абагына которулган. 24-февралда Бишкек шаардык соту Сегизбаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан.










