Шаршемби, 22.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Элибиз Баткен жерин жалгыз калтырган жок». Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын курмандыктарын эскерди

11:14 28.04.2022
0
«Элибиз Баткен жерин жалгыз калтырган жок». Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын курмандыктарын эскерди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде 2021-жылдын 28-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы конфликттин жүрүшүндө курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“2021-жылдын 28-30-апрель күндөрү, тилекке каршы, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында эң кайгылуу, эң оор күндөрдүн бири катары элибиздин эсинде сакталып калды! Ошол каргашалуу күндөрдө кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында орун алган куралдуу кагылышуудан 36 жараныбыз курман болуп, орду толгус оор жоготууларга учурадык. Кырчындай болгон балдарыбыздан, эр жүрөк жоокерлерибизден, Мадинадай мөлтүрөгөн бейкүнөө наристе кызыбыздан ажырадык. 173 жараныбыз ар кандай жаракат алып, азыркы убакка чейин дарыланып келишет. Бирок бул башка түшкөн оор сыноо элибиздин ынтымагын чыңдап, кайратын бүлөдү. Эмгекчил жана меймандос Баткен эли каргашалуу күндөрдө болуп көрбөгөндөй эрдикти, чыдамкайлыкты жана сабырдуулукту көрсөттү.

Мамлекеттин бүтүндүгүн, элинин эгемендигин сактайм деп ант берген жоокерлерибиздин, калк башына каран күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган мекендештерибиздин көрсөткөн эрдигин баса белгилеп айтып кетүү менин парзым деп билем. Мекен үчүн, эл үчүн жанын аябаган эр-азаматтарыбыздын каармандыгы өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калмакчы!

Ошол оор күндөрдө мамлекетибиз, элибиз кайратман Баткен элин, өрүкзарлуу Баткен жерин жалгыз калтырган жок. Тикесинен тик туруп аза кайгысы менен башка түшкөн кыйынчылыгын тең бөлүштү. Жалпы кыргызстандыктар ата-бабалардан келаткан улуу биримдигин дагы бир жолу тастыкташты, өлкөбүздүн чар тарабынан “Баткеним – менин жүрөгүм” деген ураан астында Баткенге жардам көрсөтүп жатты. Боорукер жана намыскөй элибиз эч нерсесин аяган жок, мекендештеринин жеңилин жерден, оорун колдон алып беришти.

Бул жерде мекенчил ишкер азаматтарыбыздын, чет-өлкөлөрдө эмгектенген мекендештерибиздин жапа чеккен жарандарыбызга олуттуу жардам көрсөткөндүгүн да өзгөчө белгилеп кетейин. Элибиздин жана өлкөбүздүн ушундай “Ырыс алды – ынтымак” деп, жапа тырмак колдоо көрсөткөндүгүнүн натыйжасында өрттөлгөн 140 турак үй толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Кагылышууда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө да үйлөр курулуп тапшырылды. Ошону менен бирге куралдуу кагылышта өрттөлгөн, талкаланган социалдык объектилерди калыбына келтирүүдө боордош Түркия мамлекетинин, белгилүү ислам кайрымдуулук фонддорунун жана башка көптөгөн уюмдардын жакындан жардам көрсөтүшкөндүгүнө ыраазычылык билдирем. Мындан сырткары, канатташ Өзбекстан Республикасы бир туугандыктын жана достуктун үлгүсүн көрсөтүп, Лейлек районунун Маргун айылына 330 орундуу заманбап орто мектептин имаратын бүтүрүп пайдаланууга берди, ушундай эле экинчи мектепти Баткен районунун Самаркандек айылында тапшыруу алдында турат.

Ардактуу агайын-туугандар! Кагылышуунун кесепеттерин тездик менен жоюу максатында 2021-жылдын 4-майында “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” Жарлыкты кабыл алганымды билесиздер. Ошондой эле Баткен облусунун чек ара аймагындагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин атайын өкүлүн кызматка дайындадым. Мындан сырткары, 2021-жылдын 10-сентябрында Баткен облусунда жашаган калкты ар тараптан колдоо, облустун экономикасын өркүндөтүү жана социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында “Баткен облусунун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынып, ишке кирди. Бул мыйзамда Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же болбосо жеңилдетилген тартипте көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмеси аныкталды. Ошондой эле облустун аймагында туруктуу иштеген, аскердик кызмат өтөгөн жарандарга бир нече артыкчылыктар каралды. 

Аталган мыйзамдын алкагында 2022-жылдын 1-мартынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга ай сайын 1000 сом өлчөмүндө, Баткен облусунун чек ара аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлерге 2000 сом өлчөмүндө кошумча компенсация төлөнө баштады. Андан сырткары, облус боюнча стратегиялык маанидеги 8 жолдун курулуш иштерине 250 миллион сом акча каражаты бөлүндү. Жогорудагы кабыл алынган мыйзамдын негизинде Баткен облусун өнүктүрүү максатында 2022-2035-жылдарга атайын “Жол картасы” иштелип чыгып, ага ылайык жылына 500 миллион сомдон акча каражаты бөлүнүп берилет.

Өткөн жылдагы куралдуу кагылышуу өлкөбүздүн чек арадагы коопсуздугуна олуттуу жана кечиктирилгис көңүл бөлүү зарыл экендигин ачык айгинелеп койду. Ошондуктан куралдуу күчтөрүбүздү чыңдоо максатында өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу республикалык бюджеттен керектүү заманбап аскердик техникалар жана башка жабдыктар сатып алынды. Бул багыттагы иш-чаралар мындан ары да улантылат!

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы талаштуу делген чек ара тилкелери боюнча маселелер дале болсо көйгөй бойдон калууда. Аны чечүү бизден кылдаттыкты, сабырдуулукту жана ырааттуулукту талап кылууда. Чек ара көйгөйлөрүн кошуна мамлекет менен бири-бирин сыйлоонун, урматтоонун алкагында тынчтык сүйлөшүү жолдору менен гана чечүү зарыл экендигин бүгүн дүйнөдө болуп жаткан окуялар тастыктап койду. Кошуна мамлекеттин жетекчиси да жакында Согди облусуна болгон иш сапарында чек ара маселелерин кыргыз тарап менен тынчтык сүйлөшүү жолдору менен чечүүгө кызыкдар экендигин белгилеп кетти. Азыркы учурда талаштуу чек ара тилкелери боюнча бир пикирге келүү максатында эки тараптуу мамлекеттик комиссия ырааттуу түрдө ишин улантып жатат. Жылыш жок эмес, аз да болсо жылыштар бар.

Мамлекеттин бүтүндүгү менен коопсуздугун сактоого ант берген өлкө жетекчиси катары чек ара маселелерин чечүүдө кыргыз элинин улуттук кызыкчылыктарын жогору коюп, кошуна мамлекеттин дагы казыкчылыгын жана бүтүндүгүн урматтоо менен иш алып бара тургандыгымды баса белгилеп айта кетейин. Буга менин саясий эрким жетет. Ошол эле мезгилде кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбай, чек арада терс көрүнүштөрдүн болуп кетишине жол бербей, сабырдуулук көрсөтүү менен улуттук коопсуздукту бекем камсыздап алалы. Жараткандан өткөн жылдагыдай каргашалуу окуялардын кайталанбоосун, элибиз, журтубуз аман-эсен, эгемендүү өлкөбүздүн бүтүн болушун тилек кылалы!» — деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:48 21.04.2026
0

Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бүгүнкү, 21-апрелиндеги жыйынында Жогорку Соттун...

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:31 20.04.2026
0

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен...

Касымалиев: «Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү»

Касымалиев: «Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:06 20.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, бюджеттин киреше...

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:23 19.04.2026
0

"Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди". Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси...

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин регионалдык хабына айлантуу»

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин регионалдык хабына айлантуу»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:10 19.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды. Жолугушууда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

09:26 21.04.2026
Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө таратты

Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө таратты

11:13 21.04.2026
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

09:53 21.04.2026
Кыргыз Республикасынын делегациясы Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнатына катышты

Кыргыз Республикасынын делегациясы Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнатына катышты

17:57 21.04.2026
Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

Барыктабасованын талапкерлиги Жогорку Соттун судьялык кызмат ордуна сунушталды

16:48 21.04.2026
ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды

ИИМдин БМЖКККнын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери пара талап кылуу жана опузалоо фактысы боюнча кармалды

14:30 21.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү