Эрбол Султанбаев: «Теңгиз Бөлтүрүк жаңы кеңсеге көчөрдө президент менен макулдашкан эмес»

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүк “Учкундагы” офисинен башка кеңсеге көчөрдө Министрлер кабинети же президент менен макулдашкан эмес. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал башка офиске көчкөн себебин “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги түзүлгөндүгүнө байланыштуу кызматкерлер эски кеңсеге батпай калгандыгы менен түшүндүргөн. «Бир ай мурда бул окуя боюнча президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен териштирүү жүрүп, Теңгиз Бөлтүрүккө макулдашылбаган чечими үчүн эскертүү берилген. Ошону менен бирге “Кумтөрдүн” гаражы жеке жактан мамлекеттик гаражга (мурдагы ЖК гаражына) көчүрүлдү. Эми мындан ары ижара акысы мамлекетке түшүп турат. Мурда ижара акысын жеке жактар алып турган. Ал эми азыркы офисинде убактылуу иштешет. Анткени холдингге жаңы офис курууга Бишкектен жер берилди (борбордун түштүк тарабынан). Бир жылдын ичинде жаңы офисин куруп бүтүп, ал жакка көчүп кирүү тапшырмасы коюлду», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев «Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги Бишкектин борборундагы имаратты чоң акчага ижарага алып жатканын билдирип, нааразы болгон.