Шейшемби, 28.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Галина Байтерек: «Президенттин атына жамынып, мыйзамсыз иш кылгандар жоопко тартылат»

16:20 09.03.2021
0
Галина Байтерек: «Президенттин атына жамынып, мыйзамсыз иш кылгандар жоопко тартылат»

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «айрым адамдардын» Садыр Жапаровдун колдоосу астында иш кылары жөнүндө билдирүүлөрүнө комментарий берди. Анда эмне жөнүндө сөз болуп жатканын ачыктаган менен, ал адамдардын аттарын атаган жок.

«Акыркы убактарда медиа мейкиндигинде Президент Садыр Жапаровдун колдоосу астында иш алып барган делген адамдардан бир топ билдирүүлөр пайда болду. Бул адамдардын аттары ар кандай жаңжалдар менен чыр-чатактарда аралашып жүрөт. Буга байланыштуу Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгү маалында эле „өз“ жана „жат“ деп бөлбөстүгүн билдиргенин эске салгым келет. Эч кимге эч кандай колдоо болбойт. Садыр Жапаровдун мындай позициясы азыр дагы өзгөргөн жок», — деп билдирди Галина Байтерек.

Президенттин басма сөз катчысы баса белгилегендей, мамлекет башчысынын аты менен макамына жамынган айрым жарандар мыйзамсыз, жол берилгис аракеттери үчүн өлкө мыйзамдарынын чегинде жоопкерчиликке тартылышы керек.

«Мен бардык кыргызстандыктарды президенттин атын жана макамын жаманатты кылган мындай адамдарга ишенбөөгө эле эмес, мындай окуялар тууралуу укук коргоо органдарына токтоосуз билдирүүгө чакырам. Бул нерсе мамлекеттик башка жогорку кызматтагылардын жана саясатчылардын колдоосуна жамынып жүргөндөрдүн баарына тиешелүү. Бул сыяктуу аракеттер — жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик реформаларга болгон чыныгы чагым. Президент Садыр Жапаров тарабынан жүргүзүп жаткан саясат, тескерисинче, ушундай мыйзамсыз иш-аракеттерден арылууга багытталган», — деп баса белгиледи Галина Байтерек.

Президенттин басма сөз катчысы Садыр Жапаровдун «ал тургай туугандарымдын бири мыйзам бузганы аныкталса, ал жоопкерчиликке тартылат. Кадр саясаты чиновниктер менен саясатчылардын туугандык байланыштары аркылуу эмес, кесипкөйлүк жана жоопкерчилик принциби менен жүргүзүлөт» деген сөзүн дагы бир жолу эске салды.

«Чындыгында, акыркы он жылда кыргызстандыктар мыйзам бузгандардын көптөрү бийлик чөйрөсүнөн баш калка таап алышканына көнүп калган. Анын үстүнө алар жогорку кызмат адамдарынын атын жамынып алып, кылмыш жасай беришкен. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, айрым жогорку мамлекеттик кызматкерлер өздөрү бир нече жолу кылмыш жасагандыгы үчүн кармалышып, соттолушкан. Алардын айрымдары дагы деле качып жүрүшөт, алар укук коргоо органдары менен эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан изделүүдө. Эми мындай туура эмес тажрыйбаны жок кылуу үчүн Кыргызстандын бардык жарандары биригиши керек. Чиновниктер, мамлекеттик кызматкерлер өз чөнтөктөрү же туугандары менен дос-тамырларынын кызыкчылыгы үчүн эмес, эл үчүн иштеши керек. Дагы бир жолу кайталайм, жүрүп жаткан жана пландаштырылган реформалардын бардыгы дал ушуга багытталган, эми бул аракеттердин баары ишке ашуусу үчүн жарандардын колдоосу өзгөчө маанилүү», — деп баса белгиледи президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гульнура Мамбеталиева

Гульнура Мамбеталиева

Окшош

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:14 27.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....

Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:26 27.04.2026
0

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 24.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:35 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

15:14 27.04.2026
Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

14:54 27.04.2026
Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

14:26 27.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү