Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн арыз БШКга келип түшкөн жана бул боюнча бүгүнкү жыйында каралат. Жыйын саат 17:00дө башталат.
Исхак Пирматов Жогорку Кеңешке 2015-жылы «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен келген. Ал эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча парламенттик комитеттин төрагасы болчу.