«Кемпир-Абад боюнча чечим келди. Кечээ ошол үчүн мен добуш берген жокмун». Бул тууралуу депутат Нуржигит Кадырбеков жыйында билдирди.
«Бул менин маданияттуу түрдө каршылык билдиргеним болчу. Бирок бир сөз бар экен, «эгер бирөөнүн күнөөсүн алгың келсе, жалаа жап» дейт. 2 күндөн бери мен тууралуу «катышыптыр, кворум бериптир» деп жатышат. Ошолордун баарына ыраазычылык. Жалган жалаа үчүн рахмат«, — деди ал.
Депутат Кемпир-Абад боюнча президентке трибунадан кайрылып, бул маселеге 3-4 жылдай мораторий жарыялоону сунуштады.