Бүгүн, 19-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы депутат Гүлсүнкан Жунушалиева ант берди.
Ал кечээ мандатын тапшырган Гүлшаркан Култаеванын ордуна келген. Ал эми Култаева Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп дайындалды. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу жаңы депутатка ийгилик каалап, Култаевага «Сизди адилет кесиптеш катары тааныйбыз, жаңы кызматыңызда да таза иштейсиз деп ишенебиз» деди.