Abank_june
SerepTV Logo

Талас дарыясында сууга чөгүп кеткен өспүрүмдү издөө учурунда каза болгон суучул 32 жашта болгон

Талас дарыясында сууга чөгүп кеткен өспүрүмдү издөө учурунда каза болгон суучул 32 жашта болгон
Талас облусунда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери, куткаруучу-суучул, лейтенант Аскар Казыбеков каза болду.

Баланы дарыядан издөө иштерин жүргүзүү маалында куткаруучу-суучул жаракат алган. Көрсөтүлгөн медициналык жардамга жана дарыгерлердин аракетине карабастан, анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок. Аскар Казыбеков 1994-жылы туулган. Маркумдун артында жубайы жана кызы калды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Анын эрдиги, кайраттуулугу, өзүн-өзү аябаган эмгеги жана кесиптик милдетине болгон берилгендиги кесиптештеринин эсинде түбөлүк сакталат.

Эске салсак, 2026-жылдын 23-июнунда 2011-жылы туулган Т. уулу Б. аттуу бала Талас дарыясына түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө иштери активдүү улантылып келген.