Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигеки Маэда кыргызстандыктарды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.
Сигеки Маэда кыргызстандыктарга ден-соолук жана бакубат жашоо каалап, куттуктоого анын жардамчысы да кошулду.
«Кыргызстандын Эмгек кодексине ылайык, Нооруз майрамы жумуш эмес күн болуп саналат жана дүйшөмбүгө жылдырылат. Ошондуктан, Жапониянын элчилиги 22-мартта иштебей тургандыгын маалымдайбыз »,— деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, Бишкекте Нооруз майрамына карата массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилген.