Шейшемби, 21.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Жогорку Кеңеш башкы прокурорлукка Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берди

14:24 05.06.2024
0
Жогорку Кеңеш башкы прокурорлукка Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берди
Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун кызмат ордуна Асаналиев Максат Кубатовичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов башкы прокурордун кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө президенттин сунуштамасын тааныштырды.

Талкуу маалында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков талапкерди өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышы үчүн бардык күч-аракетин жумшоого, жарандардын кайрылууларына, ошону менен бирге тергөөнүн сапатына жана процессуалдык мөөнөттөрдүн сакталышына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Ал эми эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева «Бишкек асфальт сервис» ишканасынын 1 миллиард сомго жакын чыгымга учурагандыгы жана Биринчи май районундагы бир катар көчөлөрдүн оңдолбогондугу боюнча ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүү керектигин белгиледи. Депутат Медербек Алиев белгилегендей, талапкердин алдында элдин ишенимин жана прокурорлордун аброюн жогорулатуу боюнча чоң жоопкерчилик турат. Эл өкүлү Исхак Масалиев Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөрүн белгилеп, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды.

Эл өкүлү Русланбек Жакышов жарандарды, анын ичинде эмгек мигранттарды жер мафиясынан коргоо зарылдыгын белгилесе, депутаттар Ырысбек Атажанов жана Кундузбек Сулайманов тергөө функцияларын прокуратурага кайтаруу маселесин ортого салышты. Депутат Аманкан Кенжебаев Сокулук районундагы бала бакчанын имаратында прокуратура жайгашканын айтып, имарат максаттуу пайдаланылышы үчүн маселени чечүүнү сунуштады. Депутат Мейкинбек Абдалиев реформаларды жүргүзүү, кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү керектигин белгиледи.

Эл өкүлү Айсулуу Мамашова 2024-жылдын 1-кварталында турмуштук оор кырдаалга кабылган 2238 бала аныкталып, анын ичинде 107 бала физикалык, сексуалдык жана физикалык зордук-зомбулукка кабылганын маалымдап: «Балдарга карата 52 зордук-зомбулук учуру катталып, алардын ичинен 34 учуру боюнча тергөө кызматтары тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө, 6 учуру боюнча кыскартуу чечими кабыл алынган жана 12 учуру боюнча сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн», — деп, көп иштер кыскарганын сындап, прокуратурадан бул багытта көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды.

Депутат Чингиз Айдарбеков ар бир мамлекеттин негизин адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук түзөрүн белгилеп, ишкерлерге, коомдук ишмерлерге, саясатчыларга туура эмес иш козгогон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилиги тууралуу маселени көтөрдү. Эл өкүлү Арсланбек Малиев талапкер коррупция менен кантип күрөшөрүнө кызыгып, кадр саясатында ротацияны колдонууну сунуштаса, депутат Бактыяр Калпаев ири өлчөмдөгү алдамчылык менен күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды.

Жыйынтыгында башкы прокурордун кызмат ордуна Асаналиев Максат Кубатовичти дайындоого макулдук берилип, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:31 20.04.2026
0

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен...

Касымалиев: «Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү»

Касымалиев: «Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:06 20.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, бюджеттин киреше...

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:23 19.04.2026
0

"Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди". Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси...

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин регионалдык хабына айлантуу»

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин регионалдык хабына айлантуу»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:10 19.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды. Жолугушууда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык...

Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:54 18.04.2026
0

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Германия Федеративдүү Республикасындагы расмий сапары башталды. Алгач төрага аталган өлкөнүн парламентинин – Бундестагынын президенти...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Неудачный госпереворот»: Текебаев кыйшык сөздөргө түз жооп жарыялады

«Неудачный госпереворот»: Текебаев кыйшык сөздөргө түз жооп жарыялады

08:56 20.04.2026
Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

16:31 20.04.2026
Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

14:50 20.04.2026
Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

16:31 20.04.2026
Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

14:50 20.04.2026
Касымалиев: «Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү»

Касымалиев: "Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү"

11:06 20.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү