Кечээ, 9-мартта Жогорку Кеңеш «Кумтөр» боюнча келишимдин шарттарын колдоп берди. Жыйында Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 102 токтому аркылуу жактырылган кыргыз тарап менен канадалык компания “Центерра Голд Инк.” ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуунун шарттары жана форматы жөнүндөгү маселе жабык эшик артында каралды.
Президент Садыр Жапаров «Кумтөр» маселесин колдоп берген депутаттарга ыраазычылык билдирген болчу. Жабык эшик артында каралган жогорудагы маселе боюнча депутаттар комментарий берүүдөн баш тартышты.
Канадалык компания башкарып келген «Кумтөрдү» кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алганы маалым.