Бейшемби, 12.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Жогорку Кеңеште «разборка». Сурабалдиева менен Ташиев бири-бирин эмнеге айыптады? (видео)

11:42 24.11.2022
0
Жогорку Кеңеште «разборка». Сурабалдиева менен Ташиев бири-бирин эмнеге айыптады? (видео)

Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Эльвира Сурабалдиевага жооп берди. Ага чейин депутат Кемпир-Абад боюнча каршы добуш берген депутаттарды коркутуп жатышканын айткан болчу.

«Мен унаада келе жатып депутат Эльвира Жыргалбековнанын «УКМКнын кызматкерлери коркутуп-үркүтүп, салык боюнча маселелерди көтөрүп жатат» дегенин угуп калдым. Түшүндүрмө берип коёюн. Сурабалдиеванын өзүнүн, бир туугандарынын карамагында «Кудайберген» деген базар бар. Ал базарда 3 миңден ашык контейнер бар. Ошол контейнерлерден булар ар бир адамдан 2-3 миңден жыйнадык деп отчет беришет. А бирок 7 миңден 15 миңге чейин жыйнашат. Ошол жердеги салыкты эсептеп чыкканда, «Кудайбергенден» 70 миллион сомдун тегерегинде салык төлөбөй коёт. Бул боюнча акт түзүлгөн. Муну төлөөгө милдеттүү. Депутатмын, трибунам бар деп туруп эле туура эмес маалымат таратканды токтотушубуз керек. УКМК эч качан мыйзамсыз иштерди кылбайбыз. Кылууга да акыбыз жок.

Андан сырткары, 1-2 депутаттарга иштер бар. Муну алдын ала айтып коёюн. Кээ бириники өтө оор иштер. Жакында Башкы прокуратура кылмыш иши козгосо, аны да айтып чыкпагыла. Керектүү адамдар арыздарын берди. Эльвира Жыргалбековна, ошондуктан сиздин мага доомат коюуга негиз жок. Мен сизди көргөн да, сүйлөшкөн да эмесмин. Сизди депутат катары сыйлайбыз. Биз сиздин бир да адамыңызды алып барып камаган жокпуз. Жок жерден айта берген туура эмес», — деди Ташиев.

Ошол эле учурда депутат Салык кызматынын башчысына кайрылып, «Кудайберген» базарында 2,5 ай текшерүү жүргөнүн айтты. «Текшерүү жүргөнүнө канча болду? 1 ай өттү туурабы? 1 айда сизди адашты деп УКМК сурадыбы? Эч ким тартылган жок. Сиз адаштыңызбы же Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси «Эльвира, сен Кемпир-Абадга каршы добуш бердиң, өзүңөн көр» дегенди кандай түшүнөйүн? Кечээ, Кудайдын куттуу күнүндө иш бөлмөсүнө чакырып, гүл берип, торт берип куттуктап, берген жооптору. Бир тууган иниси. Бул эмне дегендигин сурасам, «сиз каршы бербедиңизби» деди.

Төрага, бизде канча президент бар? Бирөө туурабы? Мен экөө бар деп ойлоп жатам. Каалагандай калчап, коркутуп, күнүңөр аял кишиге түшүп калгандай болсо, сиздин да аялыңыз, сиздин да кыздарыңыз бар. 17 жыл мурда апамды Бакиевдер чырылдатып, жалдыратып коюшкан. Ошондо 40 күн келип, куураткан. Ошол кайталанып жатат. Бул жактагы депутаттар сүйлөй да албай калышты. Сизге жакпагандын баарын кууп, атып эле салбайсыздарбы? Сиз менен эч ким айтышпай да калды. Мен сиз тууралуу такыр башка ойдо болчумун», — деди депутат Ташиевге. 

Спикер өз ара маселени парламентте чечишпөөгө чакырды. «Ар кимиң чыгып, өз маселеңди айта бересиңерби?» — деди спикер.

Ташиев 1 мүнөт сурап, депутатка жооп берди. «Дагы бир жолу айтайын, сиз менен байланышым жок. Мамлекетте канча президент бар экенин билбесеңиз уят эмеспи. Майдаланып мен эч нерсе кылган жерим жок. Жок нерселерге менин атымды чаптай бербеңиз. Сот чечим чыгарды. Менин эмне тиешем бар? Мен эмне кылышым керек? Атаңызды атып кетишкенде мен депутат болчумун. Мен 15 мүнөттөн кийин жетип баргам. А сиз алар менен кайра достошуп жүрөсүз», — деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 11.03.2026
0

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин...

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуусу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:38 11.03.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта парламенттин жыйынында Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады....

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:18 11.03.2026
0

Бүгүн, 11-мартта президент Садыр Жапаровдун жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болуп өттү. Ант бергендер:...

Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси тармактык комитетте каралды

Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси тармактык комитетте каралды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:19 11.03.2026
0

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет кезексиз жыйын өткөрүп, Канатбек Чыныбаевди Өзгөчө...

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:14 10.03.2026
0

Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов ээлеген кызматынан бошотулду. “Кызматка дайындалганына бир ай боло электе эмнеге иштен кетирип жатышат? Бул жогорку...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

УКМК экс-депутат Куванычбек Конгантиевдин кармалышы боюнча маалымат таратты

18:13 11.03.2026
Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор... ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

09:27 12.03.2026
Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Предметке карабайт... Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

16:51 11.03.2026
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

10:15 12.03.2026
Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

09:42 12.03.2026
«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

"УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан". Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

09:37 12.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү