Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча кыргыз-өзбек келишимин жактырды.
Маалыматтарга караганда, жети эл өкүлү макулдашууну колдоп, комитеттин төрт мүчөсү добуш берген эмес.
Келишим долбооруна ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстан суу сактагычты башкаруу боюнча биргелешкен ишкана түзүшөт. Ага Кыргызстандан 12, Өзбекстандан 12 адам катышат. Белгилей кетсек, комитет келишимди жабык эшик артында карады.