Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу депутат Султанбай Айжигитов билдирүү жасап, Баткен районундагы Достук айылын Тажикстанга бербеш керектигин билдирген. Мындан улам, “Кабар” агенттиги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, бул туурасында маек курду.
– Кесиптешиңиз Достук айылы биз үчүн стратегиялык мааниге ээ, аны бербеш керек эле деди. Чын эле бул айыл стратегиялык мааниге ээби?
— Эч кандай стратегиялык мааниге ээ эмес. Тескерисинче, Баткенден алыс жайгашкан, Тажикстандын чек арасына чапташып турган айыл. Алар деле Самонион же Ходжайлоо айылдарыбыз стратегиялык мааниге ээ айылдар дей беришсе жарашат да. Ошондуктан эки тарап тең уттурган жок. Теңме тең чечилип келгенин Камчыбек Кыдыршаевич комитеттин жыйынында түшүнүктүү кылып айтып берди. Түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбегендер сүйлөй берет экен да.
Стратегиялык деп Төрт-Көчөнү айтсак болот. Азыр Төрт-Көчөгө статус КВО берилип, нейтралдуу болду. Мына ушуну чоң утуш десек болот. Ал эми Ворухка 3,5 чакырым жол берилсе, биз Самаркандектен Миң-Өрүккө чейин 3,5 чакырым жол алып атпайбызбы. Бул жерде да теңме-тең болуп жатат. Кай жеринен уттурдук?