SerepTV Logo

Касымалиев: "Ички дүң продукт 1 триллион 397 миллиард сомго жетип, экономикалык өсүш 11 пайызды түздү"

Касымалиев: "Ички дүң продукт 1 триллион 397 миллиард сомго жетип, экономикалык өсүш 11 пайызды түздү"

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер кабинетинин кезектеги жыйналышы болуп өттү. 

Отурумда алгач МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев сегиз айдын экономикалык жыйынтыктарына токтолуп, анда туруктуу өсүш сакталып жатканын билдирди. Маселен, ички дүң продукт 1 триллион 397 миллиард сомго жетип, экономикалык өсүш 11 пайызды түздү.

“Негизги капиталга инвестициялар 61,2%га, курулуш 61%га, өнөр жай 8,8%га, айыл чарбасы 6,4%га өстү. Бул – жакшы көрсөткүчтөр. Акыркы күндөрү өлкөбүздө жакшы иштер көп болду. Эгемендүүлүк майрамына карата республика боюнча 105 социалдык объект пайдаланууга берилди, 60 жаңы өнөр жай ишканасы ишке кирди. Бирок жетишкендиктерге токтолуп калбашыбыз керек. Биз үчүн өсүштүн саны гана эмес, анын сапаты, жаңы жумуш орундарын түзүшү жана элдин жашоосуна тийгизген таасири маанилүү. Ар бир министрлик, ар бир мамлекеттик орган өз тармагындагы көрсөткүчтөрдү талдап, артта калган багыттар боюнча ишти күчөтүшү керек”, – МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев

SEREP MEDIA