Бүгүн, 2-декабрда Конституциялык палатада күтүлүп жаткан арыз каралды.
«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова, юристтер Нурбек Касымбеков менен Таалай Усубалиев арыз менен кайрылышып, алар парламенттик кайра шайлоо күнүн белгисиз мөөнөткө жылдырган мыйзам Конституциянын бир нече нормасына каршы келерин айтып жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген эле.
Сооронкулованын айтымында, шайлоону токтото туруу бийликти узурпацияга алуу үчүн азыркы бийликтин планы болгон. “Биринчи кезекте парламенттик шайлоо, андан кийин президенттик шайлоо өтүшү керек эле”, — деди “Реформанын” лидери. Касымбековдун айтымында, Жогорку Кеңештин шайлоого кийлигишүүсүнөн улам БШК парламенттик кайра шайлоону өткөрө албай калган. “Парламент өз мөөнөтүн мыйзамсыз узартып алды”, — деди ал.
Парламенттин өкүлү кайрылгандардын арызы негизсиз экенин билдирди. Анын айтымында, ал учурда өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал оор болуп, бюджеттин дефицити, саясий кризис кошумча болуп, Жогорку Кеңеш парламенттик кайра шайлоону жылдырууга аргасыз болгон. Бул учурда Сооронкулова аны “Азырчы? Президенттик шайлоо жана конституциялык реформа болгону жатпайбы. Буларга акча бар да, коронавирус жолтоо болбой калабы?” деп жарга такады. “Реформанын” лидери жыйынтыктоочу сөзүндө парламенттик кайра шайлоонун жылдыруунун зарылдыгын далилдеген эч кандай аргумент албаганын айтты.
Конституциялык палатанын мүчөлөрү чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетишип, дээрлик алты сааттан кийин чечимин жарыялашты. Жогорудагы арыз канааттандырылган жок жана Конституциялык палата парламенттик кайра шайлоону жылдыра туруу тууралуу Жогорку Кеңештин чечиминде Баш мыйзамга дал келбестик тапкан жок.