Кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевдин №47 колониясындагы видеосу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы түшүндүрмө таратты.
Маалыматка ылайык, 5-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата абакта футбол боюнча мелдеш жана менюга ылайык футбол аянтчасында соттолуучуларга тамак берилген.
«Түшкү тамактануу учурунда жупуну дасторкон жайылып, анда спорттук иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылды, ошондой эле куран окутулду», — деп айтылат маалыматта.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы видео 10 жылга эркинен ажыратылган 24 жаштагы адам тарабынан тартылганын ырастады. Бул факты боюнча мекеменин кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, анын уюлдук телефонун алып өзүн бир айга камера тибиндеги бөлмөгө жайгаштырышкан.
Кечээ, 11-ноябрда социалдык тармактарда №47 колонияда футболдук аянтчада жазасын өтөп жаткан бир топ адамдар дасторкон жайып тамактанып жатканы тартылган видео тараган. Андан столдун башынан Камчы Көлбаевди, Алла Пугачеванын ырын аткарган кишини көрүүгө болот. Бул шаан-шөкөт Көлбаевди тосуп алуу үчүн уюштурулганы айтылган.
Камчы Көлбаев 22-октябрда Бишкек шаарындагы спорттук клубдардын биринен кармалып, тергөө иштери аяктаганга чейин УКМКнын СИЗОсуна киргизилген болчу. Кийинчерээк “ооруп жатат” деген жүйө менен №47 колонияга которулган. Аталган колонияда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да бар.