Кыргызстандын президентин шайлоого катышарын билдирген Кубан Чороев БШКнын чечимин сотко берди. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын 30 миң кол тамгасын жаратпоо тууралуу чечимин жокко чыгарууну талап кылууда.
Анын айтымында, арыз 10-декабрда берилген, алгачкы сот отуруму 12-декабрда өтөт.
Эске салсак, БШКнын кол тамгаларды текшерген жумушчу тобу 7-декабрдагы отурумунда президенттик шайлоого катышуу тууралуу ниетин билдирген экономист Кубан Чороев тапшырган кол тамгаларды жараксыз деп тапкан.