Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасындагы Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташтыктын жана өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.
Атап айтканда, тараптар кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрмө пункттарында жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү, кытайлык инвесторлордун өнөр жай ишканаларын калыбына келтирүү жана жандандыруу, ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулады.